Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Баткендин он жылдыгына өлкө жетекчиси катышат


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинен бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда Баткен облусунун 10 жылдык жана Кыргызстандын биринчи мамлекет башчысы Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдык мааракеси 30-октябрга белгиленип, салтанатка өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев да катышат. Бул күнү бир катар атуулдарга мамлекеттик сыйлыктар, юбилейлик төш белгилер ыйгарылып, эмгек ардагерлерине жеңил автоунаалар тартууланат. Майрамга облустун биринчи жетекчиси Мамат Айбалаев баш болуп, жалпысынан 500дөй конок чакырылды.

Ошол эле учурда “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Баткендеги координатору Карамат Орозова “мамлекеттик каражатты мындай майрамдарга ашыкча чачып, балдарды сабактан калтырып оюн койгондон көрө, кандайдыр бир муктаждыктарды чечсе болмок”, - деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG