Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Араб инвестициясына дарбаза ачык


Бишкектеги кыргыз-араб экономикалык форуму
Бишкектеги кыргыз-араб экономикалык форуму

Бишкекте Араб координациялык тобунун катышуусунда эки күнгө созулчу «тегерек үстөл» жыйыны өтүүдө.

Араб, ислам ири каржы мекемелеринин инвестициясына кызыкдар кыргыз өкмөтү экономиканын келечектүү делген тармактары боюнча 24 долбоорду сунуштоодо. 29-октябрда араб делегациясы тандалып алынган мыкты долбоорлорду тийиштүү тармак жетекчилери менен талкууга алышмакчы.

Буга чейин Бишкекте өтүп келген көпчүлүк жыйындардан айырмаланып, кыргыз-араб экономикалык карым-катышына арналган “тегерек үстөл” “Куран” окуу менен башталды.

Араб өлкөлөрүнүн инвестициясын тартуу аракети кыйладан бери жасалып келатканы белгилүү. Бишкектеги “тегерек үстөл” жыйынына ислам өлкөлөрүнүн эң ири каржы мекемелердин - Ислам өнүгүү банкы, Сауддардын өнүгүү, ОПЕК эларалык өнүгүү, араб экономикалык өнүгүү Кувейт, Абу-Даби өнүгүү фонддорунун өкүлдөрү келишкен. Кыргыз өкмөтү аларга жалпы өлчөмү 1,5 миллиард долларлык 24 долбоорду сунуштоодо. 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун айтуусунда, араб өлкөлөрүнүн стандарттарына шайкеш келчү долбоорлор тандалып алынган.

- Бүгүнкү сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп кете турган болсо анда биз мусулман өлкөлөрүнөн да атайын каржы булактарын таап, экономикабызга биртоп колдоо көрсөтөбүз деген ой пикирибиз бар.

Акылбек Жапаров алгачкы сүйлөшүүлөр натыйжалуу аяктаса болжол менен 300 миллионго чейин араб инвестициясы Кыргызстанга келип калышы мүмкүн экенин билдирди. Анын ырасташынча, экономикалык кризистин айынан Кыргызстанга келчү инвестициянын агымы сээлдеп калган чакта ислам өлкөлөрү менен карым-катышты күчөтүүнүн пайдадан башка зыяны жок. Анын үстүнө бул жерде өндүрүлгөн азык-түлүк продукциялары ислам өлкөлөрүнүн “адал стандартына” ылайык келсе Кыргызстан туруктуу эларалык базарга чыгуу мүмкүндүгүнө жетишмек.

Сауд Арабстандын өнүгүү фондунун техникалык департаментинин жетекчиси Хасан Ал-Махди Ал-Аттас кыргыз өкмөтү менен жаңыдан башталып жаткан экономикалык карым-катыш дагы уланарына ишеничин билдирип, сунуш кылынган жекече, мамлекеттик долбоорлордун биртобу жактырууга ээ болорун ырастады.

- Келечектүү долбоорлорго жол ачык. Алардын багыттары аркыл, билим берүү, айыл чарбасы, суу проблемасы жана башкалар. Биз ал долбоорлор менен таанышуубуз керек. Араб координациялык тобу алардын жарактуусун тандап алат. Андан кийин ал долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланат.

Хасан мырза Кыргызстанга биринчи ирет келгенин, бул жердин туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу көп сөздөр укканын, буюрса жыйындан соң Ысык-Көлгө барып келүү тилеги бар экенин билдирди.

Кеминдеги “Лад Эко” жоопкерчилиги чектүү коомдун минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча долбоору да араб ишкерлеринин жактыруусуна коюлду. Коомдун жетекчиси Петр Субочевдин айтуусунда, жаңы долбоор айыл чарбасында түшүмдүүлүктүн арбышына көмөк көрсөтмөкчү.

- Биздин технологиябыз бар. Ал сыноодон өткөн технология. Үмүтүбүз эле каржылык көмөк. Долбоорду ишке ашырыш үчүн бизге каржылык көмөк зарыл болуп турат.

“Тегерек үстөл” жыйынында араб өлкөлөрүнүн “адал стандартына” ылайык келчү азык-түлүк товарларынын сапатын текшерүүчү атайын лаборатория куруунун зарылдыгы айтылды. Эки жылдан бери Кыргызстанда исламдык каржылоо принциби ишке киргизилип, жаңы демилге “Эко банк” тарабынан жүзөгө ашырылууда.

XS
SM
MD
LG