Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:19

Пакистанда катуу жардыруу 90 кишинин өмүрүн алды


Ооганстан менен чек арадагы Пешавар шаарында базарда бомба жарылып, дагы 200дөн ашык киши жарадар болду. Полиция машинада катылган бомба жарылгандыгын билдирүүдө. Бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Пакистанга үч күндүк визитин баштоодо. Ал кол салууну айыптап, Кошмо Штаттары Пакистанды кыйшаюсуз колдойт деп ишендирди:

Биз Пакистан армиясынын кайраттуу күрөшүнө жогору баа беребиз жана тынчтык жана коопсуздук үчүн күрөшүндө Пакистан эли менен бирге болобуз.

Клинтон ошондой эле Пакистан өз максатына жете алсын үчүн Кошмо Штаттары тийиштүү жардам көрсөтөт деп сөз берди.

XS
SM
MD
LG