Бүгүнкү соттук жараянда да күбөлөр суралат. 27-октябрда болгон сотто күбө катары Чек ара кызматынын башчысы Аскар Жапаров, Каржы министринин орун басары Саид Зулпуев көрсөтмө берген. Күбөлөр суралып бүткөндөн кийин айыптоочу жана айыпталуучуларга сөз берилет. Оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаковго байланыштуу соттук жараян жети айдан бери уланып келатат.(AiT)