Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Кыргыз-араб ишкерлик кеңеши бүгүн уланат


“Ак Кеме” мейманканасында Кыргыз өкмөтү менен Араб координациялык тобунун тегерек стол жыйыны бүгүн уланып, анда долбоорлор талкууланат. Бул тууралуу Экономикалык тескөө министрлигинен кабарлашты. 28-октябрда башталган тегерек стол жыйында кыргыз тарап айыл чарбасы, энергетика, саламаттык сактоо жана башка тармактар боюнча жалпы баасы 1.5 млрд долларды түзгөн долбоорлорду сунушташты. Сауд Аравиясынын өнүктүрүү фонду, Кувейт, Абу-Даби, ОПЕК фонддору жана Ислам өнүктүрүү банкы курамына кирген Араб координациялык тобу бүгүн сунушталган долбоорлордун эң актуалдууларын дыкат иликтөөгө алат.(AiT)

XS
SM
MD
LG