Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Кант кызылчасынын баасы бекитилди


Монополияга каршы агенттик “Кайыңды кант” заводу менен кызылча өндүрүүчүлөр келерки жыл үчүн түзгөн келишимди бекитип берди. Келишимге ылайык завод кызылчанын 2010-жылкы түшүмүн 2300 сомдон сатып алат. Мындан тышкары канттуулугу 16% кем болбогон кызылча үчүн завод дыйкандарга тапшырылган кызылчанын тоннасынан 70 килограммдан кем эмес кант берүүгө тийиш.
“Кайыңды кант” заводу быйыл кызылчанын тоннасын 2200 сомдон сатып алууга макул болгон.

Өткөн жылы завод дыйкандардан 1 кг да кызылча сатып алган эмес. Натыйжада Чүй облусунун кызылчачылары өндүргөн 25-30 миң тонна түшүм кар алдында калып кеткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG