Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Бир дагы өлкө бирдиктүү энергетика системасынан чыккан жок


Бул тууралуу бүгүн “Улуттук электр станциялары” ишканасынын жетекчи орун басары Мурат Дурусалиев билдирди. Анын айтуусунда бирдиктүү энергетика системасынан чыгуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн бирине да пайда алып келбейт. Кечээ айрым маалымат каражаттары Казакстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика түйүнүнөн чыккандыгын кабарлашкан эле.

Расмий Астана бирдиктүү энергетика түйүнүнөн эгер өнөктөштөрү параллель иштөө тартибин дагы бузчу болсо чыгарын бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. Анда айтылгандай Казакстандын электр тармактарын башкаруучу компаниясы Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика түйүнүнөн Тажикстан келишимден тыш пайдаланып жаткандыгын аныктаган. Ошондуктан, казак тарап Түндүк Казакстандын өз алдынча бирдиктүү энергосистемасын түзгөн. Эгер өнөктөштөр тарабынан мындай аракет улана берчү болсо, Казакстан өзүнүн энергетика түйүнүнө кетет, деп айтылат билдирүүдө.

Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан чыгарын буга чейин Өзбекстан билдирип, кийинчерээк келерки жылга калтырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG