Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Нарында баскетбол боюнча республикалык турнир башталды


Баскетбол оюну боюнча республикалык «Чебер класс-2009» турниринин өткөрүлүшүнө карата бүгүн Нарын шаарына АКШнын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Майкл Розенталь, өлкөнүн «Ак-Барс» баскетбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Алексей Сергиенко келишти. Майкл Розенталь мырза АКШ элчилиги аркылуу Кыргыз Республикасынын спорт тармагын өнүктүрүүгө жылына 150 миллион доллар жумшалаарын жана мындан ары НМУ менен пилоттук негиздеги Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектепке баскетбол оюну боюнча колдоолор көрсөтүлөөрүн билдирди. Ал эми Нарындагы спорт мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Жумакерим Айсаевдин айтымында, облуста бир дагы талапка ылайык баскетбол аянтчасы жок. Ошону менен катар бул оюндун жаңы эрежелери да келе элек. Турнир ноябрь айынын ортосунда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда жыйынтыкталат. (KUs).

XS
SM
MD
LG