Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Максим Бакиев мамлекеттик кызматка келди


Президент Курманбек Бакиев өзүнүн уулу Максим Бакиевди Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы кылып дайындады. Өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Алексей Елисеев анын жардамчысы болду. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын төрагасы Улугбек Ормонов М. Бакиев мыкты ишкер, инвестиция тартуу боюнча жөндөмдүү адис экенин айтып, бул дайындоонун туура болгонун билдирди. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр президентти үй-бүлөлүк башкарууга алып келди деп айыптап келишет. К. Бакиевдин улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары. Иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси. Дагы бир иниси Марат Бакиев Кыргызстандын Германиядагы элчиси. Бир тууганы Каныбек Бакиев Сузак районундагы “Ырыс” айыл округунун башчысы. Кийинки иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде иштейт. Акмат Бакиев Жалал-Абатта жеке ишкер. (EBM)

XS
SM
MD
LG