Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Клинтон Пакистан өкмөтүн сындады


АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Пакистандын расмий адамдары террорчулардын лидерлеринин кайда жашырынганын билишет деп божомолдоду. Лахор шаарында өткөн пресс-конференцияда мамкатчы Пакистан өкмөтү Ал-Кайиданын анабашы Усама Бин Ладен жана анын жан-жөкөрлөрүн табуу үчүн жетиштүү чара көргөн жок деп сындады. Маалыматтарга караганда, террористтердин лидерлери Пакистан менен Ооганстандын чек ара аймагында баш пааналап жүрүшөт. Исламабаддын алар кайда экенинен кабары жок деген ырастоолоруна ишенүү кыйын, - деди Клинтон. Ошол эле маалда ал Бин Ладен жана анын согушкерлерине балким жетүү оңой эмес деген оюн айтты. Пакистан өкмөтү бул комментарийге жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG