Парламентте өтүп жаткан өкмөттүк саатта газ көйгөйү талкууланууда. Өнөр жай ишканаларын жана калкты жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаал жана кыйынчылыктар жөнүндө депутаттардын алдында биринчи вице-премьер-министр А. Жапаров, энергетика министри И. Давыдов, “Кыргызгаз” ишканасынын башкы директору С. Айтикеев жооп берип жатышат. Энергетика министри И. Давыдов өлкөнүн энергетика системасы кышка даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандан Кыргызстанга 22-сентябрда токтоп калган газ кайрадан келе баштады. Соңку сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап 18 млн доллар карызды 1-декабрга чейин төлөп берүүгө милдеттенме алгандан кийин, Ташкент көгүлтүр отунду оозун кайрадан ачты. (KC)