Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Оштун вице-мэрине катуу сөгүш жарыяланды


Ош шаардык бийлигинен маалымдашкандай, вице-мэр Айнура Шайымкулова агартуу тармагын тейлеп туруп, Ош мамлекеттик университетиндеги окуу үчүн төлөмдөрүнүн жана жатакана акысынын көтөрүлгөндүгүн көзөмөлдөгөн эмес. Натыйжада жүздөгөн студенттер митингге чыгып, калаадагы кырдаалды курчуткан. Мындан аз күн мурда дагы бир вице-мэр Мухитдин Мамасадыков менчик турак жайлардын кышка даярдыгын жөнгө салбагандыгы үчүн катуу сөгүш алган эле.

Жергиликтүү серепчилер сөгүш менен иш бүтпөстүгүн белгилеп, милдетин аткарбаган жетекчилерди акчалай айыпка жыгып, же болбосо дароо кызматынан бошотуу зарылдыгын айтышууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG