Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Нарында грек-рим күрөшү боюнча турнир башталды


Нарын облусунун 70 жылдыгына арналып бүгүн башталган өспүрүмдөр арасындагы республикалык мелдешке 32 килограммдан 76 килограмм салмактагы уландар катышууда. Бишкек, Ош, Кара-Кол, Нарын, Жалал-Абад, Баткен шаарларынан жана Ак-Талаа, Алай, Нарын райондорунан келишкен командалар эки күн таймашмакчы. Турнирдин ачылыш аземине Бээжин олимпиадасынын күмүш медал ээси Канат Бегалиев катышып, куттук сөз сүйлөдү. Мелдештин башкы машыктыруучусу Карыбек Бошубаевдин айтымында, Нарын жергесинде өткөн кылымдын 80-жылдарынан бери грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөрдү даярдоо, таймаш өткөрүү токтоп калган. (KUs)

XS
SM
MD
LG