Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

Мамкатчы Х.Клинтон Пакистанга сапарын аяктады


Үч күндүк сапары учурунда АКШнын Мамкатчысы Пакистандын жетекчилиги, тайпалардын лидерлери, аялдардын уюмдары жана депутаттар менен жолугушту. Пакистанда жүргөндө ал “Кантип эле өлкө башчылыгы “Ал-Каиданын” лидерлери каякта жашырынып жүрүшкөнүн билишпесин!” деп таң калып жатканын” айткан. Бул билдирүүлөрүн ал бүгүн да бир топ телекомпаниялардагы интервьюларында бышыктады. Мамкатчы Пакистандан Арап Эмираттарына кетти. Ал жакта Клинтон палестин президенти Махмуд Аббас менен бүгүн Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Анын чоо жайы азырынча айтыла элек. Эртең Клинтон Израилге барат.

XS
SM
MD
LG