Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

Бүгүн Милициянын 85 жылдык мааракеси белгиленди


Эски аянтта уюштурулган майрамдык иш-чарага милициянын ардагерлери, кызматкерлери катышты. Анда эң алдыңкы деп табылган кызматкерлерге мамлекетик сыйлыктар тапшырылды. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев куттуктоо сөзүндө учурда милиция кызматкерлеринин айлыктары жогорулап, социалдык жактан колдоо маселелери чечилип жаткандыгын, милиция кызматы заманбап техникалык жабдуулар менен камсыз болуп жаткандыгын белгиледи. Ал ошондой эле укук коргоо кызматкерлеринин кылмыштуулуктун бетин ачууда , эл коопсуздугун камсыз кылууда күжүрмөндүк менен иштеп жатканын билдирди. Салтанаттын жүрүшүндө Жусуп Бакиев атындагы фонд ИИМге 1 миллион сом сыйлык тапшырды. Мындан тышкары массалык маалымат каражаттарында милициянын ишмердүүлүгүнө арналган конкурс жыйынтыкталып, анын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар берилди. “Азаттыктын” кабарчысы Кабыл Макеш ИИМдин юбилейлик медалына ээ болду. (AzK)

XS
SM
MD
LG