Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын маалымат кызматы кабарлайт. Буга чейинки соттук териштирүүгө милиция кызматкерлери чакырылып, алар камактагы айыпкерлер Сапар Аргынбаев, Эркин Бөлөкбаев жана Уран Рыскуловдорго каршы көрсөтмө беришкен. Петровкадагы тополоңдун күбөлөрү болгон жөнөкөй жарандар буга чейинки соттук териштирүүлөрдө айыпталуучулардын пайдасына көрсөтмө беришкен эле.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 24-апрелинде Петровка айылында “төрт жашар кызды жергиликтүү күрт улутундагы адам зордуктаган” деген маалыматка жергиликтүү тургундар жаалданып, айылдагы бардык күрт улутундагылардын чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Натыйжада, тополоң уюштурду деген негиз менен “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев, “Болуш” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскуловдор кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон. Ошондон бери бул ишке байланыштуу соттук териштирүүлөр бүтпөй келет. (IJz)