Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Сотто күбөлөр И.Исаковго оң баа беришти


Бүгүн Бишкек гарнизондук аскер сотунда Кочкор районунан күбө катары келген ардагер Мелис Малдыбаев И.Исаков министр болуп иштеп турганда Коргоо министрлигинде өткөрүлгөн майрамдык салтанаттардын бардыгына катышканын, бирок анда эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун айтты. Ал эми аскерий медициналык бөлүмдүн жетекчиси Назарбек Мухамеджанов И.Исаков коргоо министри кезинде бир катар жаңы жабдыктар алынганын, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, аскер кызматкерлеринин социалдык маселесине өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, аны менен кызматташканына сыймыктанарын, бул иш саясий себептен улам козгоголгонун билдирди. Жабырлануучу катары суралган Зулфия Шаршенова Балыкчы аскер бөлүгүнүн орун басары Нурдин Каимовго темир сатып алуу үчүн 320 миң сом бергенин айтып, бирок май айынын кайсы күнү бергенин эстей албай койду. И.Исаков Коргоо министринин кызматынан 8-майда башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. И.Исаковго 8-март, 23-февраль, 29-май майрамдарында каражатты туура эмес пайдаланган, Балыкчы аскер бөлүгүндө техникалык-запастык бөлүктөрдү саттырган деп кылмыш иши козголгон. Соттук териштирүү жума күнү улантылат.(AJ)

XS
SM
MD
LG