“Бишкек жылуулук берүү тармагы” ишканасынан “Азаттыкка” билдиришкендей, учурда күн жылуу болуп жаткандыгына байланыштуу жылуулук берүүнүн так мөөнөтү белгилене элек. Азыр абанын температурасы 20 даража жылуу болуп жатат. Качан гана ал 8 даражага түшкөндө жылуулук бериле баштайт. Аба ырайынын өзгөрүшүнө карата болжол менен жылуулук 3-ноябрдан 9-ноябрга чейинки убакта берилип калышы ыктымал. Учурда ишкана жылуулук берүүгө толук даярдыкта турат. (AzK)