Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

У.Ташбаев БӨАнын негизги беш таянычын атады


Борбордук өнкүтүрүү агенттигинин жетекчи орун басары Учкунбек Ташбаев аталган агенттиктин негизги беш таянычын атады.

Биринчиси - кошо уюштуруу принциби
. Борбордук өнүктүрүү агенттиги бардык ишти аягына чейин аткарган натуралдык чарба сыяктуу болбойт, өлкө ичиндеги колдо болгон бардык интеллуктуалдык ресурстардын ишин уюштурат. Изилдөөгө жана аналитикалык иштерге заказдарды уюштурууга негизделип иш жүргүзүлөт. Мындайча айтканда жогорку окуу жайларындагы кафедралар, изилдөө борборлору, косалтинг компаниялары ишке тартылмакчы. Борбордук өнүктүрүү агенттиги ар кайсы тематикалар жана долбоорлор боюнча талкуу жүргүзүүгө эксперттик аянтчаларды уюштурмакчы. Мындай талкууларга БӨА нын кызматкерлеги гана эмес, бизнестин, инвесторлордун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катыша алат.

2- принцип. Системалуулук. БӨАнын негизги милдеттеринин бири - өлкөнү өнүктүрүү иш-аракеттерин жалпы бир тутумга бириктирип, тармактык саясаттар менен долбоорлордун башын бириктирүү. Башкача айтканда конкреттүү долбоорду ишке ашыруу тууралуу демилге көтөрүү же саясаттагы өзгөрүүлөр башкы саясаттын негизги багыты менен шайкеш келтирүү аркылуу ишке ашырылат.
3-принцип. Жоопкерчилик. БӨА өзү иштеп чыккан бардык долбоорлор үчүн жоопкерчиликти толугу менен өз мойнуна алат. Мындайча айтканда бардык долбоорлор акырына чыгарылмайынча БӨА аларды өзү көзөмөлдөйт. БӨА иштеп чыккан, анын ишке ашырылышын өзү коштоп жүргөн долбоордун же программанын соңуна чыкты деген чекити – булардын өлкөдөгү реалдуу өзгөрүүлөргө таасир эткендигин ички жана тышкы баамдоочулар толук тааныганда жана баалаганда жетишилди деп эсептелет.

4-принцип. Коммуникативдүүлүк. БӨА Президенттин жана Өкмөттүн бардык түзүмдөрү менен тыгыз байланыш түзүү аркылуу иш алып барат. Бардык долбоорлор атайын каралган тиешелүү макулдашуулардан өткөрүлөт. Башкача айтканда Өнүктүрүү кеңешине, Президенттик Кеңешмеге тиешелүү бардык процедуралар сакталмакчы. Бардык мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз иш жүргүзүлмөкчү. Айтмакчы, бул кызматташууда БӨА алардын үстүнөн көзөмөл жүргүзбөстөн, аларга жардамчы, кеңешчи болууга умтулат.

5-принцип. Ачык-айкындуулук. БӨА коомчулук алдында ар дайым отчет берип турмакчы. Бул багытта чогуу иш алып барууга БӨА жарандык кооомдун түзүмдөрүн кызматташууга чакырат.

Бул тууралуу президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG