Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Бүгүн пневмониянын дүйнөлүк күнү


Улуттар уюмунун колдоосунда бул күн быйыл биринчи ирээт белгиленип жатат. Дарыгерлердин эсебине караганда, пневмониядан же өпкөгө суук тийүүсүнөн дүйнөдө 5 жашка чейинки жаш балдардын эки миллиондон ашууну көз жумат. Алардын басымдуу бөлүгү Азия жана Африка өлкөлөрүнөн. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму жана БУУнун балдар кору –ЮНИСЕФ бүгүн дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан 68 өлкөсүндө пневмония илдетинин жайылышын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча глобалдык өнөктүк баштады жана мерчемделген планды ишке ашыруу үчүн 39 миллиард доллар чогултуу зарылдыгын билдирүүдө. Алардын эсебинде илдетти алдын –алуу жана дарылоо программаларынын жардамы аркасында 2015-жылга чейин 5 миллиондон ашуун жаш баланын өмүрүн сактап калууга болот.

XS
SM
MD
LG