Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Диплом саткан мугалимдер кармалды


Мамлекеттик каржы полициясынан кабарлашкандай, аларга Оксана жана Жибек аттуу аялдардын түрдүү расмий документтер, диплом сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Оперативдүү издөө иштерин жүргүзүү учурунда каржы полициясынын кызматкерлери алардын бирине диплом үчүн алдын ала 400 доллар акча берип көрүшкөн. Бир нече күндөн кийин Жибек аттуу аял Кыргыз техникалык университетин бүтүргөндүгүн күбөлөндүргөн дипломду алып келип берген. Ошол эле күнү диплом үчүн 350 доллар акча алып жаткан жеринен университеттен алыс эмес жерден Оксана аттуу айым кармалган. Кармалган эки айым диплом сатууга аралашкан дагы бир катышуучусу Светлана жөнүндө да айтып беришкен. Ал да изи сууй электе кармалган. Териштирүү убагында Жибек менен Оксана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык универститетинин мугалимдери экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери уланып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG