Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:42

Пакистандагы жарылуудан 30 киши каза тапты


Жарылуу Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн баш кеңселери жайгашкан Равалпинди шаарында болду. Полициянын маалыматына караганда, мотоцикл минген жанкечти өзүн ошол армия кеңселеринен алыс эмес, шаардын эл көп жүргөн бөлүгүндө, банк менен мейманкананын жанында жардырып жиберген. Бул согушкерлердин соңку апталардагы кол салууларынын азырынча акыркысы болду. 250дөн ашуун киши каза тапкан ал кол салуулар согушкерлердин армия "Талибандын" таяныч бекети катары эсептелген, Ооганстан менен чектеш түндүк-батыш чөлкөмдө жасаган чабуул үчүн өч алуу аракети өңдөнөт.

Өлкө бийликтери "Талибандын" Пакистандагы лидери Хакимулла Мехсуддун жана башка 18 согушкердин кармалышына алып барган маалымат үчүн 5 миллион доллар сыйлык жарыялады.

Пакистанда кыянатчылыктардын күчөшүнөн улам Улуттар уюму өлкөнүн Ооганстанга чектеш эки чөлкөмүндө узак мөөнөткө эсептелген эки долбоорун токтотууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG