Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Нарында грек-рим күрөшү боюнча турнир аяктады


Нарын шаарында грек-рим күрөшү боюнча республикалык турнир болуп өттү. Жыйынтыгында 32 -90 кг салмактар арасында Бишкек шаарынан келген уландар биринчи алты орунду камсыз кылышты. Ал эми Ош шаарынан келгендердин үчөө биринчиликти ээлешсе, Нарын, Жалал-Абаддан жана Алай районунан бирден өспүрүм өз салмактарында бардык атаандаштарын жеңип чыгышкан. Ал эми Кара-Көл, Баткен шаарларынан, Ак-Талаа районунан ат арытып келгендердин эч кимиси байгелүү орунга илинбеди. Эки күнгө созулган мелдешке жалпысы 133 улан таймашка түшкөн. Мындай маалыматтар мелдештин катчысы Кубанычбек Бошубековдон бүгүн алынды. (KUs).

XS
SM
MD
LG