Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Тажикстанда 10 миңдей адам абактан чыгат


Тажик президентинин абакта отургандардын 10 миңдейине мунапыс берүү жөнүндөгү сунушун бүгүн өлкө парламенти колдоду. Мунапыс Тажикстандын Баш мыйзамынын 15 жылдык мааракесине байланыштуу берилүүдө. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мунапыска аялдар, өспүрүмдөр, курагы 55тен ашкан эркектер, эмгекке жарамсыз жана катуу орулуу адамдар, армиянын ардагерлери илинет. Ал оор кылмыш жасагандарга же бир нече айып менен соттолгондорго жайылтылбайт. Мунапыс Тажикстандын адатта айыпкерлер батпай кеткен түрмөлөрүн бир топко бошотоору күтүлүүдө. Эл аралык байкоочулар тажик түрмөлөрүндө оору –сыркоо кеңири жайылганын жана абактагыларды тамак-аш менен камсыздоо деңгээли абдан төмөн экенин белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG