Борбор шаардын 2009-жылдагы бүджети 4 миллиард 355 миллион сом. Бул тууралуу мэр Нариман Түлеев бүгүн шаардык кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 9 айда инвестициянын көлөмү 375 миллион долларды түзүп, жаңыдан ачылган 2,8 миң жаңы чарбалык субьекттерде 5 миң жумушчу орун камсыз кылынды. Маалыматтарга караганда Бишкек шаардык кеңештин жыйынына президент Курманбек Бакиев катышууда. (AJ)