Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Эмгек мигранттарынан келүүчү каражаттар кыскарды


Кыргызстанга сырттагы эмгек мигранттарынан келүүчү акча каражаттарынын көлөмү кыскарганы тууралуу улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев Жогорку Кеңештин экономика, бүджет жана каржы боюнча комитетинин отурумунда билдирди. Анын айтымында, банк системасынын анализинин көрсөткөнүнө караганда сырттан которулуп келүүчү акчалар 30 пайызга кыскартылган. Ал ошондой эле 2008-жылы Кыргызстандагы банк системасынын кирешеси 1,8 миллиард сом болгонун, өткөн жылы инфляция 20 пайызды түзгөнүн белгиледи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган комитетте Улуттук банктын 2008-жылга карата отчету угулуп, комитет тарабынан канаатандырарлык деп табылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. (AJ)

XS
SM
MD
LG