Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Талас шаарында төрөт үйүнө жаңы жабдуулар берилди


Компьютер, эмеректер, кош бойлуу аялдар машыгуучу буюмдар, көрсөтмө куралдардан турган жабдуулар төрөт үйүндөгү энелерди даярдоочу мектепке тапшырылды. Мындай мектептердин максаты - ата энени болочок баласынын төрөлүшүнө даярдоо болуп саналат. Бул жерден ар бир ата эне баланын өнүгүшү боюнча керектүү маалыматтар менен камсыз болушат. Жабдуулар Бириккен улуттар уюмунун калкты жайгаштыруу боюнча фонду (ЮНФПА) тарабынан берилип жатат. Иш чарага Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, депутаттар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 4-ноябрда ушундай эле керектүү жабдуулар Кара-Буура районундагы төрөт үйүнө берилиши күтүлүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG