“Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ченемдик-укуктук жана институттук базанын баяндамасы” жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” уюмунун директору Кубанычбек Өмүралиев баш болгон эксперттер маалымат жыйынын өткөрүшүп, аталган баяндамада өлкөдөгү коррупция тууралуу маалымат толук жарыяланганын билдиришти. Анда экономикалык жана кызматтык кылмыштардын бети ачылгандарынын саны 2005-жылы 3 миңге чукулдап, андан кийин алардын саны 3 миңден ашып, 2008-жылы болсо 2 миңден ашуун болгон. Булардын ичинен паракорлук менен 146 кылмыш иши ачылган. Кыргызстанда коррупцияны кабылдоо индекси 2008-жылы 1,8 пайызды түзгөн. Трансперенси интернейшл уюмунун маалыматына караганда, 2005-жылы Кыргызстан коррупция боюнча 163 өлкөнүн ичинен 142-орунга жеткен. 2007-жылы 180 мамлекеттен 150-орунга, 2008- жылы 180 мамлекеттин ичинен 160-орунга чыккан. (AJ)