Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Журналистке кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду



Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Тургунбай Жумабаев «Азаттыкка» маалымдашынча, журналист Кубаныч Жолдошевди токмоктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Азырынча кармала элек шектүү адамдар бейбаштык кылган деп айыпталууда.

Бирок «Ош шамы» гезитинин баш редактору Тургунбай Алдакулов милициянын мындай кадамын жоопкерсиздик катары баалап, кызматкери Кубаныч Жолдошевдин сабалышын кесиптик ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышкан деп эсептейт. Анткени аталган басылманын кабарчысы буга дейре коомдогу бир катар терс көрүнүштөрдү ашкерелеп, чындыкты чагылдыргандыгы үчүн акыркы кезде аттуу-баштуу аткаминерлердин ачык опузалоосуна кабылган.

Ош шаарында мурдагы түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып, учурда оор абалда ооруканада жаткан 29 жаштагы Кубаныч Жолдошев «Ош шамы» гезитине чейин «Азаттык» үналгысында, 5-каналда, андан соң УТРКда эмгектенген. (ATo)

XS
SM
MD
LG