Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

“Биз биргебиз” аттуу жаштар бирикмеси түзүлдү


Аталган бирикме Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү маркум Санжар Кадыралиевдин элесине арналып түзүлдү. Коомдук бирикме жаштарды коомдо болуп жаткан окуяларга тартып, аларды бардык экономикалык, саясий, социалдык, укуктук жана маданий иш-чараларга активдүү катышууга чакырат. Ошондой эле спорт, кайрымдуулук, ишкерчилик, маданият жана жаштарды маалымат менен камсыз кылуу багытында иш алып барат. Мындан сырткары жаштарды диний толеранттулукка тарбиялоо да бирикменин башкы пландарында турат. Бирикмени Санжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева жетектейт. (AzK)

XS
SM
MD
LG