Германиянын канцлери негизинен Евробиримдик менен АКШнын кызматташтыгы тууралуу маселелерге токтолот деп күтүлүүдө. Андан сырткары, экономикадагы кырдаал, Ирактагы, Ооганстандагы абал, климаттын ысып баратышы жөнүндө да суроолор көтөрүлүшү мүмкүн. Чет-мамлекеттердин башчылары АКШнын Конгрессинде сөз менен өтө сейрек чыгышат.