Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Социал-демократтар насыя жана грант акчаларды иликтейт


Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясы билим берүүгө багытталып берилген насыя жана грант акчаларды максаттуу пайдалануу боюнча кыргыз өкмөтүнүн маалыматын угат. Фракциянын жыйынына вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова, билим берүү министри Абдылда Мусаев жана эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкулов катышат. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы кабарлады.

Ал эми парламентте көпчүлүк кылган “Ак жол” фракциясы Өнүктүрүү фонду жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин талкуулайт. Депутаттарга 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров маалымат берет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG