Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Р. Жээнбеков “Ата Мекен” партиясынан чыккан жок


Бул тууралуу Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” таңкы түз ободогу маектешүү учурунда билдирди. Ал өзүнүн атынан интернетке “Ата Мекен” партиясынын катарынан чыкканы тууралуу жазылган маалыматты жокко чыгарды. Р. Жээнбеков акыркы убактарда Кыргызстанда жүрүп жаткан мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону сынга алып: “команда алмашкан жок, демек, жакшы системалуу иш алдыга жылган жок”, деп билдирди.

Равшан Жээнбеков “Ата Мекен” саясий партиясынын төрагасынын орун басарлыгына өткөн жылы келген. Ал мурдагы бийликтин тушунда Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеген. Равшан Жээнбековго жана анын кол алдындагы башка жооптуу кызматтагы кишилерге каршы Башкы прокуратура кылмыш иши козгоп, аларга Мамлекеттик мүлк комитетинин имаратын оңдоодо кеткен чыгымды ашырып жиберген, мамлекетке 6 миллион сом зыян келтирген деген айып таккан.
Р. Жээнбеков муну азыркы бийликтин башкаруу саясаты менен макул болбогонуна байланыштуу жүргүзүлүп жаткан саясий куугунтук деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG