Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Украинада сасык тумоо эпидемиясы жайылууда


Украинанын коңшулары сасык тумоо эпидемиясынын жайлышынан чочулашууда. Россия жана Словакия Украина менен чек араларындагы санитардык көзөмөлдү күчөтүштү. Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко сасык тумоодон каза болгон адамдардын саны 71 кишиге жеткенин маалымдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Киевге өз өкүлдөрүн жиберди. Өкмөт Львов шаарында коомдук жайларды жабууга буйрук берди. Көчөлөрдө элдин басымдуу бөлүгү вирусту жуктуруп албаш үчүн маска тагынып жүрүшөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ырастоосунда Украинада H1N1 вирусунан азырынча 1 адамдын каза болгону бышыкталды, бирок өлкөдөгү кырдаал олуттуу.

XS
SM
MD
LG