Республикалык жаштар бирдиги жаштарды маалымат менен камсыз кылуу максатында сегиз программа боюнча иш-чарасын баштайт. Бул тууралуу бирдиктин жетекчиси Рустам Юлдашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жаш кадрларга багытталган “Кадрдык резерв” деген жана студенттер үчүн да атайын программа даярдалып жатат. Мындан сырткары жаштардын сайты ачылат. (КЕ)