Партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” бүгүн билдиргенине караганда, алар Швециянын Социал-демократиялык партиясынын курултайына катышып келишти. Швецияда алар Социалисттик интернационалдын жетекчилиги менен жолугушуп, Борбор Азия регионунда социал-демократиялык көз карашты жайылтуу жана күчөтүү маселесин талкуулашкан. Бул максатта Интернационалдын жетекчилиги декабрь айында Кыргызстанга атайын сапар менен келмекчи. (AiT)