Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Иранда демонстранттар полиция менен кагылышты


Оппозициянын лидери Мир Хусейн Мусавинин жүздөгөн колдоочулары бүгүн Тегеранда көчөгө чыгып, “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырып жатышты. Окуяга күбө болгондор полиция аларды таркатуу үчүн көздөн жаш чыгарчу газ колдонгонун айтышты. Бир топ адамдар камалганы кабарланууда. Бул күнү Иранда америкалык элчиликке жасалган чабуулдун 30 жылдыгы белгиленип жаткан. Иранда быйылкы президенттик шайлоодон кийин оппозиция бир канча ирет алкактуу демонстрацияларды уюштурган. Кайра шайланган президент Махмуд Ахмединежадга каршы митингдердин катышуучулары күч менен таркатылып, жүздөгөн адамдар дале түрмөдө жатат.

XS
SM
MD
LG