Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

АКШ жөөт конуштарын курууну токтотуш керек деди


Бул тууралуу бүгүн Каирде президент Хосни Мубарак менен сүйлөшүп жатып, АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон айтты. Мамкатчы Иордан дарыясынан батыш жээгиндеги жөөт конуштарын Кошмо Штаттары “мыйзамсыз” деп билээрин, аларды курууну "түбөлүккө" токтотуу зарыл экенин билдирди. Клинтон менен Мубарак Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси боюнча сүйлөшүү өткөрүшүүдө. Хиллари Клинтон акыркы төрт күндөн бери бул боюнча израилдик, палестиндик жана арапстандык лидерлер менен сүйлөштү. Аналитиктер америкалык мамкатчы маселеде эч кандай деле ийгилик жарата албаганын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG