Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:46

Бишкекте журналист Сейит Мураталиевди өлтүрүп кетишти


“Жылан” гезитинин редактору, журналист Сейит Мураталиевди кечээ таңга маал саат 4-6лар чамасында белгисиз бирөөлөр бычактап кетишкени бүгүн белгилүү болду. Бишкек шаардык Биринчи май райондук милиция бөлүмүнөн “Азаттыкка” маалымдашкандай, Сейит Мураталиевди Дэн-Сяопин көчөсүндө жайгашкан иш жайында белгисиз бирөөлөр 13 жерине бычак сайып кетишкен. Анын аталган жерде автоунаа оңдоочу устаканасы болгон. “Негизи ал эч кимди иш жайына киргизчү эмес экен. Алар Сейит Мураталиевдин тааныштарыбы, жокбу азыр такталууда”, - дейт милиция өкүлү. Маркумдун жанынан "Жылан" гезитинин редактору экенин тастыктаган күбөлүк табылган. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы да тастыктап, азыр иликтөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин өкүлү болсо азырынча бул окуя тууралуу да, журналист жана аталган гезит тууралуу да маалыматы жоктугун билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG