Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

АКШ Ирандагы демонстрация күч менен басылышына камтама


Ирандын коопсуздук күчтөрү Тегерандагы антиөкөмтөттүк демонстрациянын катышуучуларын союл, жаш чыгаруучу газ менен таркатты. Оппозиицянын нааразылык акциялары Иран АКШ элчилигине болгон чабуулдун 30 жылдыгын расмий белгилеп жаткан күнү өткөрүлдү. Өкмөттүн миңдеген колдоочусу мурда АКШнын элчилиги жайгашкан жерде чогулушту. 1979-жылы аятолла Хомейнинин жолдоочусу болгон радикал студенттер элчиликти ээлеп, америкалык 52 жаранды 444 күн барымтада кармашкан. Демонстранттардын алдында чыгып сүйлөгөн консерватор депутат Голям Али Хаддад Адел АКШны Ирандын негизги душманы деп атады. Вашингтон жана Париж полициянын оппозициячыл демонстрацияны күч менен басканына камтамачылыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG