Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

Петровка чатагы боюнча соттун уландысы болот


Москва райондук сотунда “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин, укук коргоочулар Уран Рыскулов менен Сапар Аргынбаевдин үстүнөн болгон мурунку соттук териштирүүдө айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков буларга каршы көрсөтмө берген. Ал Э. Бөлөкбаевди “Бишкек-Ош жолун жабууга буйрук берген” деп билдирди.

Буга чейин сотто көрсөтмө берген күбөлөр жана жабырлануучулардын айрымдары Петровка чатагына соттолуп жаткандардын тиешеси жоктугун билдиришкен.
Петровка чатагы боюнча бүгүнкү соттук териштирүүдө күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланат.

“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Уран Рыскулов менен Сапар Аргынбаев 26-апрелдеги Петровка чатагын уюштурган деген айып менен 27-апрелде камакка алынышкан. Оппозиция болсо муну бийлик тарабынан жасалып жаткан саясий куугунтук деп баалап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG