Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Кыргызстанда чочко тумоосун жуктургандардын саны 15ке жетти


Бул тууралуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматовдун “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда 4-ноябрь түнү Орусиянын Новосибирс-Новокузнецк шаарларынан келген поюздан чочко тумоосуна кабылган дагы эки киши ооруканага жеткирилди. Муну менен бул илдетке чалдыккандардын август айынан берки саны 15 ке жетти. Чочко тумоосунун алдын алуу жана анын жайылып кетпөөсү үчүн бардык министрликтерге тиешелүү милдеттер такталган. З. Нурматовдун маалыматы боюнча учурда темир жол вокзалында, аэропорттордо жана чек араларда чочко тумоосун алдын алуу максатында атайын медициналык түйүндөр иштеп жатат. Анын айтымында Бишкекте жана Ошто чочко тумоосун аныктоочу лабараториялар иштеп жатат.

AН1 N1 вирусу коштогон коркунучтуу дарт алгач Мексикада чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG