Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24

Р.Отунбаева: Кыргызстанда Кокон хандыгы түзүлүүдө


"Оппозиция Кыргызстанда Кокон хандыгы түзүлүп жатканын буга чейин эле айтып келген. Ал нерсе азыр орноп калды", - деп билдирди социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева бүгүн парламентте. Анын айтымында, Бакиевдердин бешөөсү жогорку кызматтарда отурушат. Курманбек Бакиевдин жээни кадрларды тейлеп жатат. Иш жүзүндө бүгүнкү күнү кош өкмөт түзүлүп, Данияр Үсөнов параллелдүү өкмөттү башкарууга көндү. Март ыңкылабынын жолун тоскондор жогорку кызматтарда отурат жана тынымсыз сыйлыктарды алып жатат. Ал эми ыңкылаптын каармандары Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Эркин Булекбаевдер сотто отурашат.

Президенттин парламенттеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Досалы Эсеналиев Роза Отунбаеванын сынын четке кагып, көчөдөгү революциялык сөздөрдү парламентке алып чыкпоону өтүндү. Ал ошондой жеке таарынычтарды парламенттин трибунасына алып чыкпоону сунуштады.(AiT)

XS
SM
MD
LG