Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

“Опель” компаниясында 10 миң жумушчу орун кыскарат


“Опелдин” Европадагы заводдорунан 10 миң орун кыскартылары жөнүндөгү маалыматты анын ээси - америкалык “Женерал Моторс” компаниясы жарыялады. Бул маалымат “Женерал Моторс” “Опелди” Канаданын “Магна” компаниясы менен Орусиянын “Сбербанкына” сатуу планынан баш тарткандыгы тууралуу кабардын соңунан пайда болду. Аталган жаңылыкты кезинде “Опель” Канаданын “Магна” компаниясына сатылышын колдогон Германиянын өкмөтү терс кабыл алды. Ал эми жергиликтүү профсоюздар иш таштоо баштоого даяр экендигин билдиришти. Немец тарап эми “Опелдин” өлкөдөгү эки заводу жабылышы мүмкүн деп чоочулоодо.

XS
SM
MD
LG