Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

БУУ Ооганстандан жүздөгөн кызматкерлерин чыгарат


Улуттар уюмунун билдиргенине караганда, “өтө зарыл эмес” чет элдик кызматкерлердин 600дөйү Ооганстандан убактысынча чыгарылат жана бул иш- чара бир нече аптага созулары күтүлүүдө. Мындай кадам быйыл 28-октябрда Кабулда БУУнун кызматкерлери токтогон конок үйгө кол салынгандан кийин жасалып олтурат. Анда жанкечтилердин чабуулунан БУУнун беш кызматкери, үч ооган каза тапкан.

БУУнун Ооганстандагы кызматкерлеринин жалпы саны 5600дүн тегерегинде. Алардын көпчүлүгү оогандар. Эми коопсуздук жүйөөсүнөн улам өлкөдөн чыгарылып жаткандар жалпы кызматкерлердин 12%ын түзөт.

XS
SM
MD
LG