Окуя Форт Худ базасында орун алды. Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү маалымдаганына караганда, кеминде 12 киши мерт кетти, 30дайы жараланды. Ок ачкандардын бири - майор Нидал Малик Хасан жараланды. Шектүү делинген эки аскер кармалып, кийин кое берилди. Пентагон өкүлдөрү аткылашуу эмне себептен тутанганы белгисиз деп ырасташты. Базада 50 миңдей жоокер кызмат өтөйт.