Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Жалал-Абадда эркин маалымат каражаттары калган жок


Бүгүн Жалал-Абадда басма сөз күнү белгиленип, анда облустук бийлик 30дан ашык жергиликтүү калемгерди баалуу белектер менен сыйлады. Журналисттер өз кесиптештерине концерт коюшту. Талдоочулардын пикири боюнча, облуста көз каранды эмес басылмалар калган жок жана иштеп жаткан маалымат каражаттары бийликтин кемчиликтери тууралу сөз кылбайт, сын жазууга даабайт. Ар тараптуу коргоонун жана айлык акы менен жашоо- шартынын начардыгынан журналисттер борборго же башка жактарга орун которууга аргасыз. Аптада бир чыккан облустун, он күндө жарык көргөн райгезиттер менен элге жаңы маалымат окуяларды кабарлоо мүмкүн эмес. (YA)

XS
SM
MD
LG