Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Жалпы республикалык тестирлөө өзгөрөт


Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев “Азаттыкка” жалпы республикалык тестирлөө азыркы абалында калбасын айтып, бул системаны жакшыртуу, же болбосо таптакыр башка формага өтүү жолдорун мамлекет караштырып жатат, деп билдирди. Кечээтен бери Бишкекте Борбор Азиядагы жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана тестирлөө системасын өзгөртүү боюнча эл аралык жыйын өтүп жатат. Ага Казакстандын, Тажикстандын жана Орусиянын адистери катышып бул жаатта тажрыйба алмашышууда. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнү Билимди баалоо жана окутуунун усулдары борбору 2002-жылдан тарта жүргүзүп жатат. Окуу жайларга кабыл алууда мындай системаны колдонуу боюнча талаш-тартыштар токтой элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG