Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Парламент комитеттеринин төрагалары бекиди


Жогорку Кеңештин түштөн кийинки отурумунда парламенттин жаңыдан түзүлгөн комитеттерине төрагалары жана орун басарлары шайланды. Булардын басымдуу бөлүгү “Ак жол” фракциясынан шайлангандыктан СДП фракциясы жыйын залынан чыгып кетти.

Ошентип, Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрагалыгына “Ак жолчу” Зайнидин Курманов, анын орун басарлары болуп Автандил Арабаев менен Ажыбай Калмаматов, Бюджет жана финансы маселелери боюнча комитетинин төрагалыгына “Ак жолчу” Аскарбек Шадиев, Экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетке “Ак жолчу” Абдиреим Кулбаев, Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетине Мария Исанова, Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетке Рашид Тагаев, Агрардык саясат, аймактык өнүгүү жана экология боюнча комитетке Аскарбек Салымбеков, Билим берүү, илим жана дене-тарбия боюнча комитетке Лейла Сыдыкова, Социалдык саясат боюнча комитетке Коммунистер фракциясынан Бүмайрам Мамасеитова, Этика жана регламент боюнча комитетке Шарипа Садыбакасова шайланышты. Ар бир комитетке экиден орун басарлары дагы “Ак жол” фракциясынан көрсөтүлдү. Бир гана Коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиев Этика жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. (AJ)

XS
SM
MD
LG