АКШнын түштүгүндөгү Форт Худдагы кыргын америкалык базалардагы эң кандуу киши өлтүрүү болуп калды. Армияга ылайык, ок аткан Нодал Малик Хасан деген аскер психиатры өзү да жарадар болду. Малик Хасандын жээни Надер Хасан ал Иракта кызмат кылуу буйругуна каршы болуп жүргөндүгүн билдирди. АКШнын президенти Барак Обама Форт Худ аскер базасында трагедиялуу кан төгүү орун алганын белгилеп, бул окуяны «акылга сыйбаган канкордук» деп мүнөздөдү.